Кайненем жиниме тийгенде бетке чаап, ичине тээп жибердим. Эми…
Толугу менен кайнене
Эч кимге мындай турмуш насип кылбасын. Аябай капа болуп турам. Мындай болуп кетет деп эч ойлогон эмесин. 20 жаштамын, турмушка чыкканыма 3 жыл болду. Турмушка эрте чыгып алып турмушту эптей алган жокмун. Ортодо 2 балабыз бар.

Мүнөзүм катаал болуп күйөөмө да, кайненеме да жаман көрүнүп бүттүм. Кечээ кеч курун күйөөм экөөбүз урушуп кеттик. Кайненем менен да айтышып кеттим. Палас суу болуп калган экен жини келип жууп атыптыр. А мен баладан бошой албай жууй элек болчумун. Ошонун айынан айтышып кеттик.

Кийин бөлмөгө кирсем күйөөм сенден эчак эле көңүлүм калып бүткөн дейт. Балдар үчүн жашап жүрөм деди. Анан мага өз жолуң өзүңдө жашагың келбесе өзүн чеч деп айтты. Көңүлү жок болсо жашоонун кереги жокко э? Ошентип мага кайра-кайра өз жолуң өзүңдө деди. Анан кайненем кирди, талак берип жатат десем, ырас болуптур деп былчыйып отуруп алды. Жаман жиним келип бетине бир чаптым да, ичине бир тептим. Аябай ачуум келди ырас болуптур деген сөзүнө. Турмуш оюнчук эмес го талак берсе ырас болуптур дегидей.
Негатив жазышыңыздар мүмкүн сыйлабаган келинсин деп. Бирок менин ордумда башкасы болсо да ошентмек. Бул биринчи жолу талак айтып жатканы эмес. Мындан алдын 1-2 жолу айткан нике окутканбыз. Эми эмне кылышым керек эжелер? Учурда баарыбыз Москвадабыз. Кетип калганым жакшыбы жашабай? Эми кайненем да, күйөөм да мени кечирбейт го…
Назгүль
Ай сонун болуптур башына келет эми
Ооба айтылган соз атылган ок! Сыйлашып жашаш керек Бир келген омурдо… Сый жок жерде ый болотдааа…!!!
Кетип калганын он болот..кечирим алышын кыйынго дейм..
Кайненеге кол которгонун апана кол которого барабар тарбиян жок келин экенсин
Ужас