Жаңылыктар

Кайра карантин болобу? Өкмөт жооп берди

Бүгүн 28-сентябрда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кайрадан карантин киргизүү же киргизбөө элдин өзүн алып жүрүшүнө, эрежелерди сакташына жараша болорун билдирди.

«Жалпы өлкө боюнча карантин чаралары инфекция башталганда бир жолу гана жарыяланат. Эми элдин өзүнөн көз каранды болот. Эреже сакталса мындай чара көрүү зарылчылыгы болбойт. Эми баары ар бирибизге жараша болот».

Үсөнбаев азыр ден соолугуна кам көрүп, беткапчан жүргөн ар бир адам коомдук жайда беткап тагынбаган адамдарга эскертүү берсе орундуу болуп турган кез экенин белгилеп, кыргызстандыктарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырды.

Пандемия башталган март айынан бери Кыргызстанда вирус жуккандардын расмий эсеби 46 355ке жетти. Соңку үч жума аралыгында бул илдеттен киши каза боло элек болчу, 28-сентябрда кайрадан өлүм катталды.

Яндекс.Метрика