Жаңылыктар

Камчы Көлбаев боштондукка чыкты

Мыйзамдагы ууру Камчыбек Көлбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бүгүн Бишкек шаардык соту криминалдык авторитетти кетпөө жөнүндө тил кат менен бошоткону такталды.

Камчы Көлбаев 21-октябрда кармалган. Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу” беренеси боюнча жаза берилген. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен криминалдык авторитет тергөө аяктаганга чейин УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Кайра качан абакка кайтат белгисиз. Маалыматка ылайык ал жакында кызын турмушка узатмак.

Яндекс.Метрика