Жаңылыктар Саясат

Камчыбек Ташиев Атамбаев курган үйдө жашап жатабы? Жооп

Социалдык тармактарда жана кээ бир маалымат каражаттарында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында экс-президент Алмазбек Атамбаев курган үйдө жашап жатат деген маалыматтарды жазышууда. Бирок президенттин жана УКМКнын басма сөз кызматы бул маалымат боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

2018-жылы экс-президент резиденциянын аймагына 89,3 миллион сомго дача курганы белгилүү болгон. Анын ичинен 77,8 миллион сомду Алмазбек Атамбаев өзүнүн каражатынан чыгарган. Туугандарынын айтымында, мурунку мамлекет башчысынын үй-бүлөсү ал жерде бир жыл жашаган.

Мүлктүн жалпы аянты 301,8 чарчы метрди түзөт, анын ичинен турак жай аянты 141,6 чарчы метрди түзөт, анын ичинде конок бөлмөсү, ашкана, эки уктоочу бөлмө, офис жана эки унаа үчүн гараж бар.

2019-жылы экс-президент макамынан ажыратылгандан кийин Алмазбек Атамбаев дачаны мамлекетке өткөрүп берген.

Бул тууралуу президенттин ишинин жетекчисинин биринчи орун басары Тилек Батыркановго кайрылганда ал Камчыбек Ташиев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын аймагында жашайт деген маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

Тилек Батыркановдун айтымында, президенттин жарлыгына ылайык, УКМКнын төрагасы резиденциянын аймагында жашай ала турган адамдардын тизмесине киргизилген.

«Мыйзамга ылайык, тигил же бул адам кайда жашаары жөнүндө айта албайбыз. Президенттин буйругу менен айрым мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик резиденцияда жашоого укуктуу. Бул мүлктү менчиктештирүүгө болбойт», — деди Тилек Батырканов.
«Бардык үйлөр мамлекеттин менчиги болгондуктан, үй кимдин акчасына курулганы маанилүү эмес. Эгерде ал мамлекеттик резиденциянын аймагында жайгашкан болсо, анда ал автоматтык түрдө мамлекеттик менчик болуп саналат»- деп белгиледи.

Яндекс.Метрика