Жаңылыктар

Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн чет өлкөгө кеткени жатат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 6-февралдан тарта чет өлкөгө дарыланууга кетип жатканын билдирди. Бул тууралуу Ташиев ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Мен 6-февралда эртең менен дарыланууга чет жакка бара жатам. Себеби биздин врач, профессор Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен барууга мажбур болуп турам” -деген УКМКнын төрагасы элдин келечеги үчүн «бүт өмүрүмдү арноого милдеттүүмүн» деп жазды.

Ташиев дарылануу үчүн кайсы өлкөгө кетип жатканын жана дарты эмне экенин тактаган жок. Ал буга чейин дагы сыркоолоп, ооруканага жатып чыкканын жазган эле. Анда УКМК Ташиевдин ден соолугу канааттандыраарлык экенин билдирген болчу.

Яндекс.Метрика