Жаңылыктар

Камчыбек Ташиев Конгантиевдин акыркы сүрөтүн жарыялады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин акыркы сүрөттөрүнүн бирин жарыялады.

«Чарчаган Арстанымдын акыркы сүрөтү» деп жазган Ташиев. М.Конгантиевдин каза болгону тууралуу маалымат 12-февраль күнү кечинде белгилүү болду.

Ички иштер министрлигинин мурдагы жетекчиси, милициянын генералы Молдомуса Конгантиев каза болду. Маалыматты 12-февралда Ички иштер министрлигинен тастыкташты. Ал 63 жашта болчу.

Айрым маалыматтарга караганда, ал Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында болгон. Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 14-февралда Бишкекте болот.

Яндекс.Метрика