Жаңылыктар

Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы пара талап кылып кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 11-мартта КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси «Опузалап пара талап кылуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жеке ишкерден 90 миң сом алып жаткан учурда жаран И.А. жана Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын кызматкери Б.А. И.А., УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы болуп ишкерден коркутуу жолу менен 120 миң сом талап кылган. Тергөө иштери уланууда.

Яндекс.Метрика