Видео Саясат

Камчыбек Ташиевдин ыр саптары кимге арналганы белгилүү болду

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жүрөк поэзиясы менен тартылган видеону кимге арнаганы белгилүү болду. Фейсбук баракчасына жарандык активист Мукай Керимбаев акын Галина Головандын «Мага такыр жакпайт …» ыр саптары боюнча билдирүү таратты. Анда бул видео 2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоо жарышынын алдында монтаждалганын жазган. Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев «Мекенчил» партиясынын тизмесинде биринчи орунда болгон.

«Эки күндөн бери Камчыбек Ташиевге өткөн жылкы шайлоо учурунда тартылып, жасалган кыска тасманы чыгарып, ар кандай терс сөздөрду жазып, таартып жаткан топ пайда болгону байкалды. Ал тасма биринчиден, өткөн жылы парламенттик шайлоо-үгүт учурунда жасалган.

Ал жерде айтылып жаткан сөздөрдүн мааниси Камчыбек Кыдыршаевичтин ошол кездеги — байлык, бийлик артынан кууп, таштап кеткен жоро-жолдоштору, бийликтин колтугуна кирип, сатып кеткен кишилерге карата айтылганын баары билет.

Чындык жеңип, Аллах Тааладан суралган ак баталар орундалып, элибиз менен биргеликте Камчыбек Ташиев сынып калбастан, жалгыз калганына карабастан, өзүнүн тилек-максатына жеткенине баарыбыз күбө болдук. Досум деп эл аралап жүргөн Камчыбек Ташиевдин ошол күндөрү бүтундөй бир чоң тарых болуп калды. Демек, ал роликти бүгүнкү кара пиарыңарга колдонуудан майнап чыкпайт.» — деп жазган Мукай Керимбаев.

Социалдык тармактын колдонуучулары бул ыр саптары мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановго арналганын жазышууда.

Яндекс.Метрика