Жаңылыктар

Кан уюп калган. Ташиевге кайсы өлкөдө операция жасалы турганы белгилүү болду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Германияга учуп кетти. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Эске салсак, 2020-жылы ноябрь айында ал жүрөгү ооруп ооруканага түшкөн. Департаменттин пресс-борбору УКМКнын башчысынын абалы туруктуу экендигин тактады.

Дарыланууга кетээрдин алдында Камчыбек Ташиев өзү чет өлкөгө кетип жаткандыгын айткан. «Мен үчүн дуба кылып тургула, мага жардамыңар керек. Кудай сактасын баары жакшы болот. Эл үчүн өмүрүмдү курмандыкка чалууга даярмын», — деп жазган атайын кызматтын башчысы.

Туугандарынын айтымында, Камчыбек Ташиевден тромб аныкталган. Ага тромэктомия — кан уюп калуу операциясы жасалат. Аны Германиянын клиникаларынын биринде немис хирургдары жүргүзөт.

Кыргызстандыктар Камчыбек Ташиевге тезирээк сакайып кетишин каалашат.

Яндекс.Метрика