Кандын группасына карап арыктап же семирсе болот

Жалпыга белгилүү болгондой кандын группасы бул адамдын жеке өзүнө гана тиешелүү касиетке ээ. Кандын группасына жараша адамдын кулк-мүнөзү болоорун, ал тургай оору-сыркоолор кандын группасына карата мүнөздөлүп, диетаны дагы кандын группасына жараша кармоо керектиги айтылат.
Эгер арыктагыңыз келсе, кандын группасын билиңиз!
Америкалык врач Питер Адамо кандын группасына жараша тамактануу керектиги тууралуу илимий иш жазган.
1-топтогу кандын ээлери майсыз эт, деңиз жандыктарынын эттери, майсыз балык, жер жемиштер жана жашылчаларды пайдалануулары керек. Кара нан, круппа дагы пайдалуу азык болуп саналат. Жүгөрү, туздалган азыктар алардын организмине карама-каршылыктуу.
Ал эми 2-топтогу кан ээлери вегетариан болсо куп келишет. Круппа жана жер жемиш, мөмө, жашылчалар ала үчүн. Сүт, кант, балык, капуста, жүгөрүнүн зыяндан башка пайдасы жок.
3-топтогу кан ээлерине өтө дыкат диета керек. Канаттуулардын эти алардын организмине жакпайт, эт, кычкыл сүт, гречка боткосунан башка бардык ботко түрлөрү сунушталат. Деңиз азыктары жана чочко эти организмге жакпайт.
Эгерде сиздин каныңыз 4-топко тийиштүү болсо, коендун жана койдун этин рационго аралаштырыңыз. Оливка майы, сүт, быштак, каймак сиздер үчүн. Жүгөрү, гречка, калемпирден баш тартыңыздар.