Кызыктуу

Каптагаев: «Акаев элден кечирим сурабай эле элдин бетине жаба түкүрүп кетти!»

Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев Аскар Акаевдин өлкөгө келип кетиши тууралуу оюн билдирди.

«Акаев келип элден кечирим сурабай эле элдин бетине жаба түкүрүп кете берди го дейм…

Көрсө аялы, уул-кызы, күйөө баласы эч нерсеге кийлигишпептир, үйбүлөлүк башкаруу болбоптур, өзү болсо Кумтөр боюнча оозун ачып эле отуруптур, Өкмөткө ишенип, эл-жердин ырыскысы тонолуп жатканын билбей калыптыр, Аксыдагы кыргынга дагы такыр тиешеси жок экен… Кыскасы сүттөн ак экен…

Иши кылып эл күнөөлү болуп калды бул жерде, анын айтканы боюнча… 2005-жылдын 24-мартында обу жоктук кылып эле козголоң кылып аны үйбүлөөсү менен кууп салыптыр да … Кыязы эмки келишинде кечирим сурагыла, ошончо жыл бозгунда жүргөнүм үчүн компенсация бергиле дейт окшойт…» — деп жазган Каптагаев.

Яндекс.Метрика