Окуялар

Каргашалуу балаты. Жаңы жылда болгон окуя

Бул окуя баягы СССР ыдырагандан кийинки жылдарда болгон. Иш жок базарда майда-чүйдө сатып туруп калгам. Жаңы жылдын алдында классташтар балдарыбыз “кезек силердики, жаңы жылды силердикинен тособуз” дешкенинен даярдана баштадык. Жаңы жылга бир-эки күн калганда келинчегим “Базардан жасалма балаты ала келчи, оюнчук илип, жаңы жылдын шааниси кылып коюп коелу” деген. Жаңы жылдын алдында соода кызып, мындайраак чыгып балаты сатып алууга да чолоо тийбей, эртең 31и деген күнү кечинде базар тарап калганда базардын четин-де жүдөгөн абышка кадимки эле, жаңы кесилген балаты сатып олтурганын көрдүм. Айткан акчасын санап берип, балатыны көтөрүп үйгө жөнөдүм.

Балатыны жасалгалап бурчка коюп койдук. Эртеси классташтарым келип, бапыр-шапыр жаңы жылды тосуп, үйлөрүнө 1-январда кетишти. Жаңы жылды тоскондон кийин деле балатыны куураганча турсун деп, оюнчуктарын да албай коюп койдук. Анан эле балдарым тумоолой башташты. Алгач сасык тумоо деп элес албадык. Келинчегим балдардын улам би-рин больницага алып жа-тып, аябай жүдөдүк. Бир күнү жумуштан кеч келип, аялым менен балама тамак алып, берки улууларын үйгө камап кеткем. Келсем балдарым үңүлдөп ыйлап, свет өчүп калганда үйдүн ичинде ак караан-дар басканын айтышты. “Коркуп калгансыңарго, свет өчкөндө ошондой боло берет” деп аларды эптеп сооротуп, тамагын берип жатсам, свет дагы жалп этип өчүп калды.

Чыракты издеп таппай, айла жок жарыксыз олтурдук. Үй ичи дүпүрөп, сырттан бирөөлөр басып киргендей болуп жатты. Балдарым тургай өзүм да коркуп жүрөгүм түштү. Бир маалда жарк этип свет күйгөндө үй ичи тыптынч болуп калды. Коркуп калган экенмин, таң аткан-ча бөлмөлөрдөгү светти өчүрбөй таң аттырдык. Эртеси үйгө апам, улуу жеңем, кайненем, кайнатам келип калды. Аларга болгонун айтып берсем таң калышты. Кайненем жарга катышып, көздүү-карактууга көрүнө койчу эле, кайнатамдын “москвичин” айдатып алардын бирөөсүн алып келе коюптур. Колуна теспе кармаган, ак кийинген жаш келин экен. Үйгө киргенден эле эстеп, өңү бозоруп жаман болду. Көзүн чылк жуумп, теспесин үч айландыра тартып, бир маалда “Арбактар менен аралашып калыпсыңар” деди да, өйдө туруп көзүн жумган боюнча үйдү айлана басып, бир маалда бурчта турган балатынын жанына барып минтип айтты “бул балатыны тезирээк эшикке алып чыгыңыз.

Бул мүрзөгө тигилген балаты экен. Эртерээк кан чыгарып арбактарга куран окуткула. Болбосо балдарыңыз чарчап калат”. Балатыны эшикке алып чыгып тиги келиндин айтканын кылып жатканча, кайнатам үйүнө барып бир козусун багажга салып келе калыптыр. Дароо мууздап кан чыгарып куран окуттук. Көзү ачык келин, “Күңгөйдө көрүстөн бар, ошол жерге баралы” деди. Эртеси баарыбыз мүрзөгө бардык. Ал айткандай эле мүрзөнүн четинде бир балаты, арчалар өсүп туруптур. Жакын барсак балатынын жанында кесилген балатынын дүмүрү турат. Жүрөгүм “шуу” эте түштү. Көзүмө баягы 30 сомго балаты саткан жүдөгөн чал тартылды. “Жаздабы, күздөбү бул жерге келип балаты же арча олтургузуп, куран окутуңуз” деди тиги келин. Кийин барып келин айткандай мүрзөгө арча, карагай олтургузуп, куран окуттук. Нуржан, Каракол шаары

Яндекс.Метрика