Видео Жаңылыктар

Кармалды. «Нурик, родной бактылуу бол»

Үлпөт тойдо «Нурик, родной бактылуу бол» деп кыйкырып асманга ок аткан бала кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Үлпөт той Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында орун алган. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө тойдо курал колдонгон жарандын аты-жөнү такталып, ал Алай районунун Жаӊы-Арык айылынын тургуну 20 жаштагы Ж.Э. аттуу жаран болгон.

Ал кызматкерлер тарабынан кармалып, 18-августта Өзгөн РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда үлпөт той өткөргөн үй-бүлө мүчөлөрү, үлпөткө катышкан жарандар сурак берип жатышат. Досуна сый урмат көргөзөм деген жаш жигит өзүнө жана досунун үй-бүлөсүнө бир топ көйгөй жаратып койду.

https://www.instagram.com/p/CEEB7FgjoxW/?utm_source=ig_web_copy_link
Яндекс.Метрика