Саясат

Карылар келсин! Чүйдүн губернатору кетип ордуна Эркин Тентишев болду

Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Эркин Тентишев келери күтүлүүдө. Маалыматты өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан тастыкташты.

Буйрукка кечээ, 9-мартта премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Бүгүн, 10-мартта өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Айбек Жунушалиев облустун жаңы башчысы Тентишевди командага тааныштырды.

Белгилей кетсек, Мияров Чүй облусунун башчылыгына 2020-жылдын октябрь айында бийлик алмашкандан кийин келген. 2020-жылдагы шайлоодо «Ордо» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.

Эркин Тентишевдин өмүр баяны:

Билими: 1979-1986-жылдары Скрябина атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети; 1996-2000-жылдары Кыргызстан эл аралык университети; 2000-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык академиясы.

Яндекс.Метрика