Жаңылыктар

Карындашы болгон! Көчөдө кызды сабаган адам кармалды

Интернетте жаш кызды аёосуз сабап жаткан адамдын видеосу тараган. Чуу жараткан видео элге бат эле тарап сабаган адам издөөгө алынган. Ыкчам териштирүү иштеринде кызды сабап жаткан жаран кармалды. Ал 1995-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран болгон. Ал Ленин РИИБинин тергөө бөлүмүнө алып келинип сотко чейинки өндүрүштө окуядагы кыз анын бир тууган карындашы болорун айткан.

Уруш үй-бүлөлүк келишпестиктен улам келип чыккан. Жабырлануучу бир тууган байкесинин үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан.

Кызды сабаган видеосу ылдый жакта:

https://www.instagram.com/p/CGRl4WNjh2a/?utm_source=ig_web_copy_link
Яндекс.Метрика