Жаңылыктар

Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын төрагасы качып кетишкен

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев кайда экени дагы деле белгисиз. Алар 5-октябрь түнү качып кетишкени айтылууда.

Өкмөт башчы Садыр Жапаров маалымат жыйын берип жатканда андан журналисттер ушул боюнча сураганда ал:

«Ким качат өлкөдөн? Күнөөсү бар адам. Күнөөң болбосо эч кимден качпайсың, коркпойсуң дагы. Экөө тең качып кетти. Алар балдарга буйрук берген, милиция менен элди кагылыштырган. Күнөөсү бар үчүн качып жүрөт да», — деп жооп берди.

Алгач Курсан Асанов Жунушалиевдин качып кеткенин өзүнүн булактарына таянып айтып чыккан. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары эки чиновник тең туугандары менен кошо өлкөдөн чыгып кетишкендерин жазышууда.

Яндекс.Метрика