Катуу суук болот. 26-28-ноябрга карата аба-ырайы
26-жана 27-ноябрда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт. 26-ноябрда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап карга айланат. 27-ноябрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында, мезгил-мезгили менен кар жаайт, кээ бир райондордо калың жаашы күтүлөт.
Зымдарда жана бак-дарактарда ным кар топтолуп, музга айланат. Жолдордо кар күрткүлөрү, тоголонгон кар жана муздар пайда болот. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
26-27-ноябрга карата региондордогу аба-ырайы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9°, күндүз -3°…+2° суук
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5° төмөндөйт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° суук болот.
27-28-ноябрь: Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1°…-6° чейин төмөндөйт.
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2°…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27 градуска чейин, күндүз -10…-15 градуска чейин жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаалардын, байланыш ишканаларынын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.