Видео Дүйнөдө

Каза болгон учуру видеого түшүп калган. 25 метр бийиктиктен секирген кыз…

Казакстандын Караганда шаарында 33 жаштагы кыз 25 метр бийиктиктен секирген аттракциондон секирип жатып каза болду. Бул тууралуу «Казинформ» ИИМ билдирди.

Каргашалуу окуя «Созвездие» мейманканасынын аймагында болгон. Аттракцион мейманкананын чатырына орнотулган. Секирүү учурунда кыз бетондогу конструкцияга урунуп кеткен. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген:

“Бейтапка тез арада операция жасалды. Краниотомия жасалды, гематома алынып салынды. Жүргүзүлүп жаткан медициналык чараларга карабай, пациент каза болду»,- деп билдиришти Караганда облусунун саламаттыкты сактоо бөлүмүнөн.

Видео:

Яндекс.Метрика