Кызыктуу

Каза болгон жигит органдарын чыгаруучу операцияга аз калганда тирилип кетти

Англиянын Стаффордшир графтыгында 13-мартта фура 18 жаштагы Льюис Робертсти сүзүп кеткен. Жигит башынан катуу жаракат алып, ооруканага жеткирилип, ага шашылыш операция жасалган.

Бирок төрт күндөн кийин дарыгерлер Льюистин үй-бүлөсүнө анын мээси «өлүп» калгандыгын жана аны сактап калууга мүмкүн болбогонун кабарлашкан. Туугандары анын органдарын муктаж бейтаптарга берүүнү чечишкен.

Органдарын алуучу операцияга бир нече саат калганда, жигит күтүүсүздөн дем ала баштаган. Дарыгерлер бул өлгөндөн кийинки конвульсия деп чечишти. Жигит көзүн ачып, көзүн ирмей баштаган. Льюистин жакындары жана дарыгерлер анын тирүү калууга мүмкүнчүлүгү жок экендигине карабастан, анын «тирилгенине» аябай таң калышкан. Ал жасалма дем алдыргычтан ажыратылып, өз алдынча дем ала баштады.

Учурда Льюис бутун, колун жана башын кыймылдата алат. Баланын ата-энеси бул кудайдын кудурети экенин журналисттерге интервью берип жатып билдирди.

Яндекс.Метрика