Дүйнөдө Жаңылыктар

Казакстанда 30 жаштагы аял өзү катышкан порно видеолорун сатып келген

Казакстандын Караганда шаарынын полициясы интернетте өзүнүн катышуусундагы порнографиялык видео тасмаларды таратып жаткан аялды кармашты.

Социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда Караганда облусунун Криминалдык полиция башкармалыгынын кызматкерлери Instagram жана Telegram тиркемелеринде порнографиялык видеолорду Казакстанда жана чет өлкөлөрдө жайылтуу фактысын аныкташты.

Ал Караганда шаарынын 30 жаштагы тургуну. Ал өзүнүн катышуусундагы порно видео тартып, андан соң социалдык тармактар ​​аркылуу таратып жүргөн.

Беш мүнөттүк видео 7 миң теңгеге бааланган. Буйрутма боюнча тартылган видео 17 миң теңге болгон. Ал менен түздөн-түз интимдик жолугушуу 300 долларга бааланган.

Учурда бул боюнча кылмыш ииш ачылып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Яндекс.Метрика