Жаңылыктар

Казакстанда башаламандыкта 164 адам каза болду

Казакстанда болгон тополоңдо 164 адам каза болгон. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Анын айтымында, Алматыда 103 адам, анын ичинде эки бала, Кызылорда облусу – 21, Жамбыл – 10, Алматы – 8 адам каза болгон.

Ошондой эле Казакстандагы тополоңдон улам 2200дөн ашуун адам медициналык жардам сурап кайрылганы белгиленген. Жабыркагандардын көбү Алматыда болгон.

Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын 2-январында башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылган. Өлкөнүн шаарларында абал акырындап турукташып, антитеррордук операция уланууда. Интернетке кирүү калыбына келтирилди.

Президент Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизип, өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин жетектеди. Анын өтүнүчү менен ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн. Ал жакка Кыргызстандан “Скорпион” атайын күчтөрү жөнөтүлгөн.

Яндекс.Метрика