Дүйнөдө

Казакстанды куш тумоосу каптап жатат. Бизге дагы жетиши мүмкүнбү?

Казакстандын түндүк тарабында куш тумоосу жайылып жатат. Учурда 5 облуска тарады, Түндүк Казакстан, Акмоло, Костанай, Павлодар жана Карагандыда. Бул облустарда канаттуулар кырылып жатат.

Жеке үйлөрдө,фермаларда жалпысынан 50 миңге жакын канаттууларкырылып калган. 26-августта Орусиянын Омск облусунда куш тумоосу катталып ал Казакстанга жеткен. Казак бийлиги үй канаттуулары кырылган фермерлерге компенсация төлөнөрүн билдирген. Учурда лабороториялык изилдөөлөр жүрүүдө.

Казакстандын түндүгү Кыргызстанга алыс болгону менен даяр туруу керек. Казакстандын түштүк тарабына жетти дегенче биздин өлкөгө да келет. 2005-жылдары куш тумоосу дүйнөдө кандай тездик менен жайылганын эстен чыгарбоо керек.

Яндекс.Метрика