Окуялар

Кедей экенине карабай сүйгөм, бирок..

Мен бир баланы сүйдүм, аябай катуу сүйдүм.  Ата-энем жетиштүү жашап, мага дагы үй, машина сатып беришкен. Окуу жайды бүтүргөндөн кийин банкка иштеп, айлыгым дагы кудайга шүгүр эле. Чынын айтсам, сүйгөн жигитим кедей экен.

Жигитим  кедейлигинен тартынып, абдан намыстанчу. Бирок, сүйүүнүн көзү сокур турбайбы,  мен аны начар жашайт деп жээриген жокмун. Ал тууралуу эч ким билчү эмес, кыскасы аны  эч нерсесине  карабай суйгөм. Билем, ал дагы мени сүйчү. Жаман жери  бир нерсе болсо эле “Сен байсың да” деген сөздү көп айтчу.  Ошентип экөөбүз  3  жыл сүйлөштүк.  

Ал  ата энеси менен тааныштырды. Анан менин ата энем менен таанышышты. Жакшы эле таанышкандай болушкан. Кийин эле каршы болуп чыга келишти “Байдын кызы” деп.  Мен аларга жаккан жокмунбу же ата-энемдин жетиштүү турмушта жашаганыа алардын кыжырын кайнаттыбы,  биздин ортобузду бөлүш  үчүн кылбаган нерсени кыла баштады апасы.

Биринчи албайсың  ал кызды деп чыкты. Көп өтпөй, баласына  башка кыздарды таап, ал кыздарды ээрчитип келип үйүнө  киргизип жашата баштады. Унчукпадым. Баласы башка кызды карабаганын билгенден кийин  мага асыла баштады. Айтпаган сөздү айтты, кылбаган нерсени кылды. Жигитим болсо “Сени гана сүйөм” деп ыйлайт.  Каршылыктар менин көңүлүмдү суутуп, сүйүүмдү өчүрдү. Аягында мен  жигитимди таштадым.  

Баары бир  кайненем мени кагып силкип жашатмак эмес, мен андай үй бүлөдө  жашай алмак эмесмин. Арадан 6 ай өтүп, угушумча бала аракка берилип, ичип кетиптир. Башында менин да ата -энем каршы чыгышкан бирок, мен аларды көндүргөм. Жигитим апасын көндүрө албай, аракка берилди. Ошентип, баланын апасы үчүн биз бактылуу боло албай калдык. Энелерге кайрылаарым балдарыңардын тандоосуна каршы чыкпагыла демекчимин…                                                                                                                 Мераида

Яндекс.Метрика