Ден-соолук

Кээ бир адамдардын дене табы эмнеге төмөн болот?

Дене табынын ылдый болушу, мисалы 35,5 С же андан да ылдый болгонунун себептери төмөндөгүдөй:

1. Эгер адамда өнөкөт илдеттер бар болсо, ал кайрадан козгол­гондо дене табы ылдыйлайт. Андыктан эртерээк медиктерден жардам алыңыз.

2. Бездердин иштеши начарлаганда дене табы ылдыйлайт. Бул илдетти гипотериоз деп аташат.

3. Бөйрөк безине суук тийгенде, сезгенгенде дене табы ылдый болот. Мындай учурда суюктукту көп ичип, жайкысын дарбыз, коон диетасына олтуруп, организмди тазалоо зарыл.

4. Дары дармекти өтө көп ичкен адамдардын дагы дене табы ыл­дый болот.

5. Суук тийүү, сасык тумоологон адамдардын дагы дене табы ылдыйлайт. Ошондой эле ордунан козголбой, отуруп иштегендердин дене табы ылдый болот. Олтуруп көп иштегендер маал-маалы менен туруп, таза абага чыгып, машыгуу жасап, ысык чай же кофе ичип ту­руусу зарыл.

6. Боюнда бар аялдардын дагы дене табы ылдыйлайт. Кошкабат аялдар үшүп, башы ооруп, буттары какшап, табити жоголуп, кусушу мүмкүн.

Дене табынын ылдый болушу оору эмес, бирок өйдө көтөрүүгө аракет кылуу зарыл, болбосо адамдын эси ооп калышы да мүмкүн. Ал эми кээ бир адамдарга дене табынын 35,5 С болушу норма.

Яндекс.Метрика