Жаңылыктар

Келбей жатып кайра 1 айга эс алууга кетишти

Жогорку Кеңештин депутаттары 2-октябрга чейин аймактарда шайлоочулар менен иштей турган болду деген шылтоо менен дагы 1 айга тарап кетишти. Жогорку Кеңештин толук составы жайкы 2 айлык эс алуудан кийин 1-сентябрда ишке чыгышкан.

Жогорку Кеңештин депутаттары 4-сентябрдан 2-октябрга чейин аймактарда шайлоочулар менен иштей турган болду. Тиешелүү токтом парламенттин бүгүн, 3-сентябрда өткөн сессиясында кабыл алынды.

2-октябрга чейин парламенттин жыйындарын токтото турууну спикер Дастанбек Жумабеков сунуш кылды. Ал муну азыркы алтынчы чакырылыштын депутаттарынын көпчүлүгү алдыдагы парламенттик шайлоого катыша тургандыгы менен түшүндүрдү. Депутаттар анын сунушун колдоп беришти. Таң калбай эле койсок болот.

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү эртең, 4-сентябрда башталат.

Яндекс.Метрика