Дүйнөдө Сүрөттөр

Кичинекей кызын жазалоо үчүн жылаңачтап суукка чыгарып койгон

Социалдык тармактарда кичинекей кыздын ич кийимчен суукта тоңуп олтурган сүрөтү тарады.

Бул окуя казакстанда орун алып, жергиликтүү тургун 8 жаштагы кызын жаза иретинде суукка чыгарып, уулун сабап салгандыгы тууралуу казак басылмалары билдирди.

Учурда бул иш боюнча милиция кызматкерлери жана камкордукка алуу  органдары изилдеп жатышат. Мындан тышкары балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө карата объективдүү чечим кабыл алынаары маалым болду. 

Учурда бул сурөт казак коомчулугун көнүлүн бурдуруп, интернет айдыңында терс пикирлер көбөйдү.

Яндекс.Метрика