Жаңылыктар

Кочкордо келинди атка сүйрөтүп өлтүргөн адам өмүр бою эркинен ажыратылды

Ушул жылдын 23-январында Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Теңдик айылынын Тынай-Булак кыштоосундагы сарайда 22 жаштагы келиндин жансыз денеси табылып, анын күч колдонуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Арадан көп убакыт өтпөй, келинди өлтүрдү делген шектүү Ош облусунун Ноокат районунан кармалган. Ал Баткен облусунун 1995-жылы туулган тургуну болгон.

Бул окуя боюнча Кочкор райондук соту чечим чыгарды. Анда айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылды. Маалыматка ылайык, чечим 20-апрель күнү чыккан.

Соттук процесстин жүрүшүндө Кочкор районунун прокурорунун орун басары коюлган айыпты колдоп, соттон М.И.нин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табууну суранган.

Кочкор райондук сотунун 2021-жылдын 20-апрелиндеги өкүмү менен М.И., көрсөтүлгөн берене боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды жана кошумча 150 000 сом айып салынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Яндекс.Метрика