Жаңылыктар

Кочкордо Порнографиялык сайттарга киргендерден акча талап кылган жаран кармалды

Кочкор райондук милициясы порнографиялык сайттарга кирген жарандардан опузалап акча талап кылганга шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кармалган адам Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну Р.Ж. мыйзамсыз оңой материалдык пайда табуу максатын көздөп “Альфа-Телеком” ЖАКсынын жана “Нур-Телеком” ЖЧКнын абоненттеринин конституциялык укугун бузуп, шантаж жолу менен жарандарга төмөнкү билдирүүнү таратып келишкен.

“Ички иштер министрлигинин билдирүүсү! Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарында тыюу салынган материалдар камтылган сайттарга киргениңиз үчүн бөгөттөлдүңүз….. Бөгөттөн чыгуу үчүн мамлекеттик капчыкка айып төлөшүңүз керек… ” – деген билдирүүнү күмөн интернет сайттар аркылуу жарандарга жиберишкен.

Аларды коркутуу менен опузалап 2200 сом акча талап кылышып, төлөм терминалдарын колдонушуп АУБ, Easy Pay, QIWI, Кошолек Компаньон, О! Деньги, Элсом, МБанк Online жана Optima24 аркылуу өзүлөрүнүн электрондук капчыктарына жарандардын акчаларын котортуп алышкан.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуларга болжол менен 500 миңден ашык чыгым келтирилгени аныкталган. Жабырлануучулардын саны дагы такталууда. Бул факты «опузалап талап кылуу» менен Кочкор РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган факты боюнча шектүү Кочкор районунун Көк-Жар айылынын тургуну 1989-жылы туулган Р.Ж. кармалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда. “Альфа-Телеком” ЖАКсынын коопсуздук боюнча кызматкерлери кылмыштын бетин ачууга көмөк көрсөтүшкөн.

Ал эми ИИМдин басма сөз кызматкери Адинай Шаршеева ушул сыяктуу күмөн ойлорду жараткан билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырат. ИИМ расмий маалыматтарды басма сөз кызматы аркылуу гана таратат. Эгер ушундай билдирүүлөргө туш болгон жарандар «102» кызматы аркылуу укук коргоо органдарына кабарлоону өтүнөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Яндекс.Метрика