Саясат

Кол тамгалар текшерилип бүттү, жарыштан экөө четтеп, 18 кандидат калды

Борбордук шайлоо комиссиясы  Кыргызстандын президенттигине талапкер болуш үчүн БШКга арыз жазган 18 жарандын топтогон колун жарактуу деп тапты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 18 адамдын топтогон 30 миң адамдын кол тамгасы жарактуу деп табылган.

Жарышка катыша турган 18 талапкер:

Бабыржан Төлбаев

Садыр Жапаров

Улукбек Кочкоров

Бактыбек Калмаматов

Адахан Мадумаров

Мыктыбек Арстанбек

Абдил Сегизбаев

Клара Сооронкулова

Жеңишбек Байгуттиев

Аймен Касенов

Элдар Абакиров

Рашид Тагаев

Канатбек Исаев

Имамидин Ташов

Каныбек Иманалиев

Арстанбек Абдылдаев

Равшан Жээнбеков

Курсан Асанов.

Ал эми БШК эки талапкердин: Кубан Чороев менен Кубаныч Токтосуновдун чогулткан колун жараксыз деп тапкан. Чороев Боршайкомдун чечимин сотко берди.

Президенттик шайлоо 10-январда өтөт.

Яндекс.Метрика