Колтуктун тердешинен түбөлүккө арылабыз
Бул ар бир эле адамда боло турган нерсе. Жайдын аптаптуу күнүндө, спортзалда, ысык бөлмөдө, ж.б. жерлерде дайым колтук тердеп жагымсыз жыт чыгарат. Кээ бир адамдардан ашыкча тер бөлүнүп чыгып жыты алыска кетиши мүмкүн. Стресс, нерв болуп жатканда дароо тер чыгып кетсе — бул табигый көрүнүш, мындай жол менен дене ысып кетүүдөн сактанат. Эгер жай турмушта деле колтугуңуз тердеп турса анда тез арада арылууңуз керек.

Колтуктун тердөөсүнөн кантип арылууну билүү үчүн анын себебин аныкташыңыз керек. Бул процесстин өзү аялдарга гана эмес эркектерге да ыңгайсыздык жаратат. Бул жагымсыз жыт, кийимдерге сиңип сары так калтырат. Төмөндөгү кеңештерди так аткарсаңыз терден бат эле арыласыз.
Эң алгач кийген кийимиңизден баштаңыз, синтетикадан тигилген кийимдер аба өткөрбөй, бат тердетип бактерияларды пайда кылат. Айрыкча жайдын ысыгында пахтадан тигилген кийим кийгенге аракет кылыңыз.
Жеп жаткан тамагыңызга да көңүл буруңуз. Ачуу, ысык тамак-аш бат тердөөгө алып келет.

Дезодоранттар жардам берээрин баарыбыз эле жакшы билебиз. Бирок көпчүлүк аны туура колдонгонду билишпейт. Ысык аба-ырайында гана себинип койбостон, аны жылы бою колдонуш керек. Эртең менен гана себинбестен түндө уктаар алдында көп өлчөмдө сээп жатыңыз.
Үй шартында
Эң оңой жолу бул сода менен кетирсе болот. Кадимки соданы алып нымдалышып турган колтукка жука кылып сүйкөө керек. Колтугум качан тердейт деп күтүп отургуңуз келбесе суу менен нымдап алсаңыз болот. Жатаар алдында жука кылып шыбап жатсаңыз жакшы эффект берет.