Конор Макгрегор менен Дастин Порье. Кайда көрсө болот?
Толугу менен конор
UFCнин атактуу мушкерлери ирландиялык Конор Макгрегор менен америкалык Дастин Порье 24-январда Абу-Дабидеги «Мушкерлер аралы» спорттук жайында өтүүчү UFC 257 мелдешинде күч сынашат.

Макгрегор таймашка узак убакыттагы тыныгуудан соң чыгып жатат, ал акыркы жолу өткөн жылдын январында Дональд Серроне менен кармашып, аны 40 секундада нокаутка түшүргөн.
Атаандашы Порье да 2020-жылы бир гана беттеш өткөргөн. Америкалык мушкер июнь айында Дэн Хукер менен октагонго чыгып, калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен уткан.
Беттеш 24-январда Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө башталып, болжол менен 10:30га чейин созулат. Ал эми кеченин башкы беттеши болжолдуу түрдө 10:30дарда башталат.
Кыргызстанда мелдешти түз эфирден РЕН ТВ телеканалы көрсөтөт.
Setanta Sports спорттук телеканалы ММА спортунун күйөрмандарына акысыз түз эфир тартуулоону убада кылууда. Ал эми акы төлөп катталып UFC TV (Wink тиркемеси) жана UFC Fight Pass аркылуу беттештерди көрүүгө болот.