Дүйнөдө Кызыктуу

Кореяда техниканын жардамы менен каза болгон аялына жолукту. Видео

Түштүк Кореяда бир адам 4 жыл мурун каза болгон аялынын виртуалдык көчүрмөсү менен жолукту.

«Жолугушуу» виртуалдык реалдуулук технологиясын колдонулуп, MBC каналынын «Мен сага жолуктум» даректүү тасмасынын алкагында өттү.

51 жаштагы Ким Чен Сунун жубайы көп жылдар бою катуу оору менен күрөшүп жүрүп дүйнөдөн кайткан. Ал каза болгондон кийин, күйөөсү беш баланы өз алдынча чоңойтушу керек болчу.

Аялдардын виртуалдык көчүрмөсүн жасоо үчүн адистерге алты ай убакыт кетти. Максималдуу окшоштук үчүн аялынын үнү актрисанын үнү менен айкалышкан.

Ким Чен Су өзүнүн аялынын көчүрмөсү менен виртуалдык бакчада таанышып, андан кийин алар өз үйлөрүндө бийлешти.

Видео:

Яндекс.Метрика