Дүйнөдө Жаңылыктар

Коронавирус менен ооругандар 20 миллиондон ашты

11-августка карата планетабызда коронавирус инфекциясын 20 миллион 14 миң 574 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 12 миллион 218 миң 90 адам айыгып чыгып, 734 миң 755 адам каза болду.

Бул акыркы жүз жыл ичиндеги эң масштабдуу эпидемия болду. Жүз жыл мурдагы 1918-1920-жылдары дүйнөнү каптаган «Испан тумоосуна салыштыра турган болсок анда вирус 550 миллион адамга жайылып, 50 миллиондой адам каза тапкан.

Ага салыштырмалуу коронавирус кыйла эле аз, бирок токтоп калган жок, айрым окумуштуулар вирус эми гана башталып жатканын айтышууда. Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 5 миллион 89 миң 416 адамдан коронавирус аныкталды. 163 миң 425 адам каза болсо, 1 миллион 670 миң 755 адам айыгып чыкты. Экинчи орунда Бразилия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 3 миллион 57 миң 470 адамдан аныкталды. 101 миң 752 адам каза болсо, 2 миллион 390 миң 830 бейтап айыкты. Ал эми Индия үчүнчү орунда. Индияда 2 миллион 215 миң 988 адам вируска кабылган. 44 миң 386 бейтап көз жумса, 1 миллион 535 миң 743 бейтап оорудан сакайган.

Кыргызстанда болсо covid-19 менен ооругандар 40 миңден ашып, каза болгондор 1 жарым миңге чукулдап калды. Бул covid-19 менен пневмониянын статистикасы бириктирилгенде. Акыркы күндөрү коронавирус кыргыз элинен акырындан кете баштады..

Яндекс.Метрика