Кызыктуу

Коронавирусту кайсы мамлекет жеңип чыгаарын Ванга айтып кеткен

20-кылымда жашаган белгилүү Болгариялык көзү ачык жана дарыгер Ванга дүйнөлүк масштабдагы өзгөрүү жана кырсыктардын көпчүлүгүн алдын ала айтып кеткен.

Айрым маалыматтарга караганда Ванга 11-сентябрдагы кол салууларды, Сталиндин өлүмүн алдын ала айткан. Анын айткандарында коронавирус пандемиясынын башталышы жана аны ким жана качан жеңээри жөнүндө сөздөр табылган. Ванганын айткан сөздөрү ар кандайча чечмеленет, бирок анын коронавирус пандемиясы тууарлуу айткандары абдан жакшы сүрөттөлгөн.

«Чыгыштан, сары элден унутулуп калган ооруу чыгат, ал миллиондогон адамдарды каптайт. Анын курч мезгили үч айга созулат.»

Көзү ачык, бул илдет адамзатка чыгыштан, «сары» адамдардан келип, азиялык расаны билдирет деп сүрөттөгөн. Үч айлык курч мезгил болот дегени  да түшүнүктүү — пандемия катуу жабыркаган бардык өлкөлөрдө карантин үч айга жакын созулган. Унутулган ооруга токтолсок, Ванга жаңы коронавирусту чума же испан тумоосу деп чечмелесе керек. Коронавирустун очогу 2003-жылы Кытайда болгон.

Мындан тышкары, ал вакцина ойлоп чыгаруу жана ооруну жеңүү үчүн кеминде бир жыл талап кылынарын айткан. Ушул эле божомолдорду Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму пандемия башталганда эле айткан. Айрым версияларда вакцина мурунтан эле бар экендигине карабастан, коронавирус пандемиясы дүйнөдө токтобой келет. Айрым өлкөлөрдө оорунун экинчи толкуну күтүлүүдө, ал эми кээ бирлеринде чектөөлөр экинчи, ал тургай үчүнчү жолу киргизилип жатат.

Ванга «беш экиден турган жылы» коркунучтуу оору келет деп айткан. 2020-жылы февраль айында пандемия күч алган.

COVID-19ду ким жеңет

Ушул эле божомолдордун арасында Ванга коронавируска каршы күрөштү жетектей турган өлкөнүн атын айткан. Көзү ачыктын айтымында ал Орусия.

Балким бул чындыр анткени Орусия коронавируска каршы вакцинаны биринчи болуп каттаган. Мындан тышкары Орусияда COVID-19дан каза тапкандардын көрсөткүчү башка өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла төмөн. Учурда бул өлкө алгачкылардан болуп вакцинаны элге сала баштады.

Яндекс.Метрика