Жаңылыктар

Кубанычбек Жумалиевди Куран урдубу?

ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиев пневмонияга кабылып, азыкы учурда жасалма дем алдыруучу аппаратта жатканы айтылууда. Жарандык активист Мелис Аспеков өз баракчасына мындай деп жазды.

“Ушул жаңылыкты окуган соң, ички дүйнөм бушайман болуп жатат. Кубанычбек байке тез сакайып кетишин каалайм, абалыңыз оор экен. Мага бир топ адамдар чалып, жазып жатышат. Муну Куран уруп баштады деп. Андайды уккандан кийин, жүрөгүм зырп этип кетип жатат. Кайдан мен бердим, кайдан сиз алагалдыңыз… Роза эже жакшылап караңыз эми байкени. Деги дем ал байке, дем ал, токтоп калба… Бутка туруп кетип, мына сага деп бир чооң Мед. борбор куруп салчы байке. Эл ыраазы болуп калсын.

Коррупция менен шектелген, алар менен биз күрөшүп жүрүп, анан туруп эле өлүп калса, жаман болот экенсиң, чын. Жапыкеев Сыймык менен кече сүйлөштүм, ал дагы байке жакшы болуп кетсе экен деп айтып отурат… 119ңар бар, карасаң эми, дал сизге бул илдет келгенин.”

 Эске салсак май айында Жапыкеев Сыймыктын изилдөөсүн колдоп, Жумалиевдин мүлкү текшерилсин деп интернет колдонуучулар жазып чыгышкан. Кайсы бир теле маекте Жумалиев куранды колуна кармап: “Менин Сыймык айтып жаткандай байлыгым жок”,- деп айтканы бар. Мындан улам азыркы учурда интернет колдонуучулар “куран урду” деп жазышууда.

Яндекс.Метрика