Жаңылыктар

«Кумтөр» иши боюнча Бабанов менен Асылбек Жээнбеков кармалды

“Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факты боюнча Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов кармалды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Мындан мурда маалымдалгандай, УКМК, Башкы прокуратура, КР Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча долбоорду ар түрдүү этапта ишке ашырууда коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин тергөөнү улантууда.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (“Коррупция”) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалган.

Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти. Өздүк булактардын маалыматына ылайык, ал бүгүн кармалган. Эске салсак, буга чейин ал «Кумтөр» боюнча сурак берип жатканы белгилүү болгон.

КР УКМК туруктуу негизде аталган кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымат берип турат.

Яндекс.Метрика