Жаңылыктар

Кумтөр иши боюнча Тайырбек Сарпашев кармалды

Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди кармады.

Мекеме 18-июнда тараткан маалыматка караганда, Сарпашев канадалык «Центерра Голд» компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирген.

Тергөө ал өкмөттө иштеп турганда мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылганын аныктады.

Мындан тышкары Сарпашев «Кумтөр Голд» ишканасына мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, Кумтөр кенинде жайгашкан “Лысый” жана “Давыдов” мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Суу кодексин өзгөртүү боюнча документти парламенттин кароосуна киргизген.

УКМК аны 17-июнда Жазык кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) менен шектүү катары кармады.

Сарпашевдун жакындары жана жактоочусу азырынча буга байланыштуу комментарий бере элек.

Ал 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон.

Сарпашев 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган.

Яндекс.Метрика