Курбум мени көрө албай, жигитиме…
Анда окууга жаңы тапшырган кезим. Бардар үй бүлөдө чоңойгондуктанбы же болгон-толгон мүнөзүмбү эч кимди теңиме албай, айтканымдан кайтпай көк,өжөр элем. Жакшы окуп, конкурстарга катышып, группанын староcтасы болуп шайландым.
Группадагы кыздар экиден үчтөн болуп бөлүнүп жүрүшчү. Мен эч кимисине кошулчу эмесмин. Анткени алар сабактан качып бир парда бар, бир парда жок болушаар эле. Айпери аттуу группалашым да жалгыз жүрчү. Негедир аны кыздар бөлүп жамандаша берчү. Мен кыздар балдар менен сый мамиледе болгондуктан көп деле алар менен сүйлөшчү эмесмин. Группадагылар, мугалимдер мени жакшы көрүшчү. Жөнөкөй жана токтоо жүрчү элем ошондуктан болсо керек. Бирок айтканымдан кайтпаган, өзүмдүкүн бербеген жагым да бар эле.

Бир күнү баары биригип алышып баягы Айперини дагы жамандап жатышыптыр, негедир жиним келди, аны эмнеге бөлүшөт деп. Айперини дос болобуз сен аларды укпа деп көңүлүн көтөрүп ашканага барып чай ичтик,сабактан кийин үйлөрүбүзгө чогуу кеттик.
Ошо күндөн тарта Айпери экөөбүз чогуу жүрө баштадык. Ошондо сезбептирмин анын мага болгон ич күйдүлүгүн,жоош деген Айпери күндөн күнгө ачылып, өзгөргөнүн байкабаптырмын.
Бир күнү мага “Үйдө жалгызмын жаныма барчы” деп суранды, эч нерсе ойдо жок , ата энемден суранып анын үйүнө бардык. Түндө уктап жатып чочуп ойгонсом Айпери ордунда жок, кийимдери ордунда, ойумда эч нерсе жок уктап калдым,эртеси сурасам балкондо сени ойготуп албайын деп телефон менен сүйлөшүп жаткам деди.
Биринчи курсту аяктап экзамен тапшырып бүттүк. Айпери экөөбүз каникулда телефон аркылуу байланышып турдук. Биз күткөн сентябрь да келди, экинчи курс болдук. Күндөрдүн биринде мени бир бейтааныш жигит кой салгандай басып ала качып кетти. Менин сүйлөшкөн жигитим банкта иштечү. Ал барып мени алып келди. Ала качкан жигит Айперинин агасы экенин билдик сураштырып. Мен ага аябай таарындым. “Сени эч кимге бербей өзүм жеңе кылгым келген” деп актанды.
Ошодон тарта жигитим ал кызды жаныңдан көрсөм таарынба деп катуу талабын койду. Ал сени көрө албайт, бир күнү сенин түбүңө жетет” деген жигитиме, эгер сүйсөң көнөсүң ал менин досум деп, мен да талабымды койдум.
Бир күнү Айпери туулган күнүн белгилемек болуп кафеге чакырды. Мен жигитим жана анын досу болуп бардык. Негедир анын баргысы келбей мен үчүн араң барган,бир нерсе сезгендей. Кече ортолоп калган. Жигитим эшике чыккан машинасына, анан эле Айпери бийлеп жаткан жеринде жок. Жүрөгүм бир нерсе сезгенсип эшикке чыксам жигитиме Айпери жабышып бир нерсе айтып жатканын көрдүм, жигитим кыйкырып сөктү да машинасына отуруп алды.
Мен алардын жанына бардым да “Мени жеткизип үйдөгүлөр чалып жатат” деп, кыска сүйлөдүм. Айпери шашып кафеге кирип кетти. Мен жигитимден кача баштадым. Чалса албай, акыры номеримди алмаштырдым.
Окуума келип күндө күтөт, мен андан качам. Жигитимди сүйгөңдүктөн ага жолугуп, аны угуп көрөйүн деп чечтим. Ал “Сенден башка эч кимдин кереги жок, неге менден качып жатасың” деп, кейиди.
Айпери туулган күнүндө кызуулука алдырып, мен сени сүйөм деп айтты анын бир баласы бар экен, күйөөсү менен ажырашкан экен, ага кошулбачы деп жалдырады жигитим. Андан аркысын укпадым, жер дүңгүрөп, көзүм караңгылап өзүмдү жаман сезе баштадым.
Дагы да болсо жигитиме ишенбей кантсе да курбума жолугуп көрөйүн дедим. Айпери айылдан жаңы келиптир, ооруп, жүдөгөн. Андан сурасам андай эмес ал мага жабышты, кайдагы эр, кайдагы бала деп ыйлап, көз жашын токту.
Мына эми кимисине ишенесиң?! Акыры курбумдун көз жашын көрүп ага ишендим. Жигитим жиндеп артымдан машинасы менен аңдып жүрчү болду. Бир күнү Айпери мени айылга эжем төрөгөн ошонун үйүнө барып келели деп суранып калды.
Ата энемен сурасам жиберишти. Нарын ичине жиберишчү эмес, айылга жибергендерине таң калдым. Жигитим менен урушканы сабактан келип эле бөлмөмө камалып жаткан мени ата энем алаксып барып келсин дешти көрүнөт.
Айылга атам жеткизип койойун десе такси менен барабыз деп, базардан таксилер турган жерге бардык. Ошондо артымдан жигитим дале калбай кайда барсам да аңдып жүргөн кези экен.
Ошентип бир таксиге түштүк,бизден башка үч бала шофер менен төртөө анан бир эже баласы менен отурган. Балдар бири-бирине бейтааныш адамдай отурган. Бир бала Айпериге жылмайып, көз кысып жатса тийишип жаткан го деп койгом.
Биз барчу айылга жетсек да негедир шофер токтотпой өтүп кетти. Жүрөгүм жамандыкты сезгендей болк дей түштү. Айпери айтса да болбой кайра таштап койобуз деп койду. Мен чыйпылдап, токто мен артка Нрынга кетем деп эшиктен секиргенге аракет кыла баштадым. Шофер эшиктерди кулптап койду,айла жок унчукпай кудай деп кете бердим. Көрсө алар Айперинин достору экен. Күн мурунтан даярданып сүйлөшүп койгон экен бир баланын туулган күнүн күтөбүз деп.
Бир үйдүн жанына токтодук кечки саат 7 болойун деп калган. Айпери унчукпай токтогон үйгө кирип кетти. Мен көчөдө жалгыз калып калдым кеч күз болгондуктан, эшикте шамал болуп, суук эле. Не болсо да кетиш керек деп такси күтүп жаттым.Бир убакта Айпери чыгып, “Куттуктап кайра кетебиз, жүрү жарым сааттан ашпайт” деди. Мен ага жиним келип көчөдө тура бердим. Ал кирип кетти. Бир убакта кеченин ээси жеңеси менен чыкты да, ашып кетсе жарым саат андан кийин жеткизип койобуз, үйгө кирип турчу деди. Мейли жарым сааттан ашпайт, ашса кете берем деп кирдим үйүнө. Мына сага, мени алдап бөлөк жерге алып келгенин унутуп Айпери төрдө бир бала менен эзилише кучакташып отурат, колунда арак, кирерге жер таппай калдым.
Шарактаган эки кыз бар экен. Бири биз менен келген балдардын биринин кызы деп тааныштырды. Жарым саат болойун деп калды ал эми Айпери камырабайт. Мени таптакыр унутуп калгандай. Ошондо жигитимдин сөздөрүн эстедим, кошулбачы ага ал акыры түбүңө жетет, сени көрө албайт деген сөздөр кулагыма жаңырып турду.
Айперини ушунчалык жек көрүп турдум. Акырын эшике чыгып, кетип калайын деп чыксам эле алдымдан бир бала чыкты кызуурак экен. Мага тийише баштады, жаныма жолобо бар ары деп ызылдашып калдык. Шарактап жаткан тиги бөлмөдөгүлөргө менин үнүм угулган да жок.
Корко баштадым. Аны нары түртө салып эшике качып чыктым. Көчөгө чыксам ал артымдан кууп келчүдөй коркуп, нары жакта турган бир машинаны көздөй чуркадым. Такси экен деп жетип барып Нарынга таштап койуңузчу деп таң кала туруп калдым. Машинада жигитим олтуруптур.Аны көргөндө коркконумдан ыйлап жибердим. Ал менин түрүмдү көрүп коркуп кетти. Мен болгон окуяны төкпөй чачпай айтып бердим. Жигитим бизди Нарындан бери аңдып келиптир,жүрөгү жамандык сезгендей.
Айпери ошол күнү мени алдап, балдарга салып берип, тагдырымды талкаламакчы болгон экен. Кийин Айпериге жолуккан жокмун. Угушума караганда турмушка чыгып кетиптир. Окуусун да таштады. Мен окууну аяктап, жигитиме турмушка чыгып аны менен бактылуумун, жакында балалуу болобуз. Жадакалса үлпөт тойубузда колуктунун курбусу кылып өзүмдөн улуу алысыраак эжемди тандадым. Айпериге окшогон ичи тар, бирөөгө жамандык каалаган эки жүздүү адамдар азая берсин демекмин. Достун да досу болот демекчи, достор досуңарды эч качан капа кылбагыла. Гулиза
One thought on “Курбум мени көрө албай, жигитиме…”
Comments are closed.