Окуялар

Курбум мени көрө албай, жигитиме…

Анда окууга жаңы тапшырган кезим. Бардар үй бүлөдө чоңойгондуктанбы же болгон-толгон мүнөзүмбү эч кимди теңиме албай, айтканымдан кайтпай көк,өжөр элем. Жакшы окуп, конкурстарга катышып, груп­панын староcтасы болуп шайландым.

Группадагы кыздар экиден үчтөн болуп бөлүнүп жүрүшчү. Мен эч кимисине кошулчу эмесмин. Анткени алар сабактан качып бир парда бар, бир парда жок болушаар эле. Ай­пери аттуу группалашым да жалгыз жүрчү. Негедир аны кыздар бөлүп жамандаша берчү. Мен кыздар балдар менен сый мамиледе бол­гондуктан көп деле алар менен сүйлөшчү эмесмин. Группадагылар, мугалимдер мени жакшы көрүшчү. Жөнөкөй жана токтоо жүрчү элем ошондуктан болсо керек. Бирок айтканымдан кайтпаган, өзүмдүкүн бербеген жагым да бар эле.

Бир күнү баары биригип алышып бая­гы Айперини дагы жамандап жатышыптыр, негедир жиним келди, аны эмнеге бөлүшөт деп. Айперини дос болобуз сен аларды укпа деп көңүлүн көтөрүп ашканага барып чай ичтик,сабактан кийин үйлөрүбүзгө чогуу кеттик.

Ошо күндөн тарта Айпери экөөбүз чо­гуу жүрө баштадык. Ошондо сезбептирмин анын мага болгон ич күйдүлүгүн,жоош деген Айпери күндөн күнгө ачылып, өзгөргөнүн байкабаптырмын.

Бир күнү мага “Үйдө жалгызмын жа­ныма барчы” деп суранды, эч нерсе ойдо жок , ата энемден суранып анын үйүнө бардык. Түндө уктап жатып чочуп ойгонсом Айпери ордунда жок, кийимдери ордунда, ойумда эч нерсе жок уктап калдым,эртеси сурасам бал­кондо сени ойготуп албайын деп телефон ме­нен сүйлөшүп жаткам деди.

Биринчи курсту аяктап экзамен тап­шырып бүттүк. Айпери экөөбүз каникулда телефон аркылуу байланышып турдук. Биз күткөн сентябрь да келди, экинчи курс бол­дук. Күндөрдүн биринде мени бир бейтааныш жигит кой салгандай басып ала качып кетти. Менин сүйлөшкөн жигитим банкта иштечү. Ал барып мени алып келди. Ала качкан жи­гит Айперинин агасы экенин билдик сураш­тырып. Мен ага аябай таарындым. “Сени эч кимге бербей өзүм жеңе кылгым келген” деп актанды.

Ошодон тарта жигитим ал кызды жаныңдан көрсөм таарынба деп катуу та­лабын койду. Ал сени көрө албайт, бир күнү сенин түбүңө жетет” деген жигитиме, эгер сүйсөң көнөсүң ал менин досум деп, мен да талабымды койдум.

Бир күнү Айпери туулган күнүн белги­лемек болуп кафеге чакырды. Мен жигитим жана анын досу болуп бардык. Негедир анын баргысы келбей мен үчүн араң барган,бир нерсе сезгендей. Кече ортолоп калган. Жиги­тим эшике чыккан машинасына, анан эле Ай­пери бийлеп жаткан жеринде жок. Жүрөгүм бир нерсе сезгенсип эшикке чыксам жигити­ме Айпери жабышып бир нерсе айтып жат­канын көрдүм, жигитим кыйкырып сөктү да машинасына отуруп алды.

Мен алардын жанына бардым да “Мени жеткизип үйдөгүлөр чалып жатат” деп, кыска сүйлөдүм. Айпери шашып кафеге кирип кет­ти. Мен жигитимден кача баштадым. Чалса албай, акыры номеримди алмаштырдым.

Окуума келип күндө күтөт, мен андан ка­чам. Жигитимди сүйгөңдүктөн ага жолугуп, аны угуп көрөйүн деп чечтим. Ал “Сенден башка эч кимдин кереги жок, неге менден ка­чып жатасың” деп, кейиди.

Айпери туулган күнүндө кызуулука ал­дырып, мен сени сүйөм деп айтты анын бир баласы бар экен, күйөөсү менен ажырашкан экен, ага кошулбачы деп жалдырады жиги­тим. Андан аркысын укпадым, жер дүңгүрөп, көзүм караңгылап өзүмдү жаман сезе баш­тадым.

Дагы да болсо жигитиме ишенбей кант­се да курбума жолугуп көрөйүн дедим. Айпе­ри айылдан жаңы келиптир, ооруп, жүдөгөн. Андан сурасам андай эмес ал мага жабышты, кайдагы эр, кайдагы бала деп ыйлап, көз жа­шын токту.

Мына эми кимисине ишенесиң?! Акыры курбумдун көз жашын көрүп ага ишендим. Жигитим жиндеп артымдан машинасы менен аңдып жүрчү болду. Бир күнү Айпери мени айылга эжем төрөгөн ошонун үйүнө барып келели деп суранып калды.

Ата энемен сурасам жиберишти. Нарын ичине жиберишчү эмес, айылга жибергенде­рине таң калдым. Жигитим менен урушканы сабактан келип эле бөлмөмө камалып жаткан мени ата энем алаксып барып келсин дешти көрүнөт.

Айылга атам жеткизип койойун десе такси менен барабыз деп, базардан таксилер турган жерге бардык. Ошондо артымдан жи­гитим дале калбай кайда барсам да аңдып жүргөн кези экен.

Ошентип бир таксиге түштүк,бизден башка үч бала шофер менен төртөө анан бир эже баласы менен отурган. Балдар бири-бири­не бейтааныш адамдай отурган. Бир бала Ай­периге жылмайып, көз кысып жатса тийишип жаткан го деп койгом.

Биз барчу айылга жетсек да негедир шофер токтотпой өтүп кетти. Жүрөгүм жа­мандыкты сезгендей болк дей түштү. Айпери айтса да болбой кайра таштап койобуз деп койду. Мен чыйпылдап, токто мен артка Нрынга кетем деп эшиктен секиргенге аракет кыла баштадым. Шофер эшиктерди кулптап койду,айла жок унчукпай кудай деп кете бер­дим. Көрсө алар Айперинин достору экен. Күн мурунтан даярданып сүйлөшүп койгон экен бир баланын туулган күнүн күтөбүз деп.

Бир үйдүн жанына токтодук кечки саат 7 болойун деп калган. Айпери унчукпай ток­тогон үйгө кирип кетти. Мен көчөдө жалгыз калып калдым кеч күз болгондуктан, эшикте шамал болуп, суук эле. Не болсо да кетиш ке­рек деп такси күтүп жаттым.Бир убакта Ай­пери чыгып, “Куттуктап кайра кетебиз, жүрү жарым сааттан ашпайт” деди. Мен ага жиним келип көчөдө тура бердим. Ал кирип кетти. Бир убакта кеченин ээси жеңеси менен чыкты да, ашып кетсе жарым саат андан кийин жет­кизип койобуз, үйгө кирип турчу деди. Мейли жарым сааттан ашпайт, ашса кете берем деп кирдим үйүнө. Мына сага, мени алдап бөлөк жерге алып келгенин унутуп Айпери төрдө бир бала менен эзилише кучакташып отурат, колунда арак, кирерге жер таппай калдым.

Шарактаган эки кыз бар экен. Бири биз менен келген балдардын биринин кызы деп тааныштырды. Жарым саат болойун деп кал­ды ал эми Айпери камырабайт. Мени тапта­кыр унутуп калгандай. Ошондо жигитимдин сөздөрүн эстедим, кошулбачы ага ал акыры түбүңө жетет, сени көрө албайт деген сөздөр кулагыма жаңырып турду.

Айперини ушунчалык жек көрүп тур­дум. Акырын эшике чыгып, кетип калайын деп чыксам эле алдымдан бир бала чыкты кы­зуурак экен. Мага тийише баштады, жаныма жолобо бар ары деп ызылдашып калдык. Ша­рактап жаткан тиги бөлмөдөгүлөргө менин үнүм угулган да жок.

Корко баштадым. Аны нары түртө са­лып эшике качып чыктым. Көчөгө чыксам ал артымдан кууп келчүдөй коркуп, нары жак­та турган бир машинаны көздөй чуркадым. Такси экен деп жетип барып Нарынга таштап койуңузчу деп таң кала туруп калдым. Ма­шинада жигитим олтуруптур.Аны көргөндө коркконумдан ыйлап жибердим. Ал менин түрүмдү көрүп коркуп кетти. Мен болгон оку­яны төкпөй чачпай айтып бердим. Жигитим бизди Нарындан бери аңдып келиптир,жүрөгү жамандык сезгендей.

Айпери ошол күнү мени алдап, балдар­га салып берип, тагдырымды талкаламакчы болгон экен. Кийин Айпериге жолуккан жок­мун. Угушума караганда турмушка чыгып кетиптир. Окуусун да таштады. Мен окууну аяктап, жигитиме турмушка чыгып аны ме­нен бактылуумун, жакында балалуу болобуз. Жадакалса үлпөт тойубузда колуктунун кур­бусу кылып өзүмдөн улуу алысыраак эжемди тандадым. Айпериге окшогон ичи тар, бирөөгө жа­мандык каалаган эки жүздүү адамдар азая берсин демекмин. Достун да досу болот де­мекчи, достор досуңарды эч качан капа кыл­багыла. Гулиза

One thought on “Курбум мени көрө албай, жигитиме…

Comments are closed.

Яндекс.Метрика