Жаңылыктар

Куреновдун атасы: «Балама Садыр Жапаровдун адамдары кызмат жана акча сунушташкан»

Кармалган активист Тилекмат Күреновдун атасы Кудайберген Куренов баласы камакка алынганга үч күн калганда Садыр Жапаровдун адамдары уулуна телефон чалып, «каалаган кызматыңды берели» деп, мындан тышкары акча сунушташкан. Ал болгону Конституциянын долбооруна каршы чыгууну токтотушу керек болчу. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына берген маегинде билдирди.

«Кечинде бизге он адам келди, алардын арасында куралчан эки атайын даярдыктагы аскер кызматкерлери бар экен», — деди активисттин атасы. «Алар соттун чечими жок келишти. Тергөөчүнүн буйругу менен алар биздин батирде тинтүү иштерин башташты, ошол эле учурда камерага тартып жатышты. Биз дагы видеого тартып баштадык. Алар бизди видеого тартпагыла деп коркутушту. Алар биздин үйдөн мыйзамсыз эч нерсе тапкан жок. Ноутбук, флешка, эски SIM карталар, документтер, Конституция жана менин дин жөнүндө жазылган китептеримди алып кетишти.

Алар бизди тергөө материалдарын ачыкка чыгарбоо жөнүндө кол коюуга мажбурлашты, бирок биз андан коркуп, макул болгон жокпуз. Алар кайсы буюмдар, документтер алынгандыгын жазышкан жок. Ким билет алар бизге кандай жалаа жабышаарын.

Күреновдун атасы уулуна ири кызматты ээлөөгө көп жолу сунуштар болгонун, бирок ал мыйзамсыз жолго баргысы келбегендиктен баш тарткандыгын айтты.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы активист Тилекмат Кудайбергеновдун социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы атайын маалымат таратты.

Анда «бул факт Жазык кодексинин 310-беренеси, («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») 264-беренеси («Массалык баш аламандыктар») менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалды» — деп жазылат.

Учурда кармалган активист Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.

Тилекмат Кудайбергенов «Фейсбукта» Тилекмат Куренов деп катталган. Ал былтыр декабрь айында Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин коргоо кыймылын түзгөндөрдүн бири жана аны жетектейт. Кыймыл Жетим-Тоону чет элдик ишкерлерге колдонууга бербөөнү жана экологияны сактоону талап кылат.


Яндекс.Метрика