Жаңылыктар

Курман айт кайсы күнү болору белгилүү болду

Курман айт майрамынын так датасы белгилүү болду. Буга чейин болжолдуу ар кандай даталар айтылып келген. Быйыл курман айт 20-июлда белгиленет.

Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 11-июль Зул Хижжа айынын (июль) биринчи күнү болгондуктан арапа күнү 19-июлга, Курман айт майрамы 20-июлга туш келди.

Муфтияттан билдиришкендей, курмандыкка бодо мал, тактап айтканда төө, уй жана кой жарайт. Жапайы кийик, аркар-кулжа жана элик сыяктуулар курмандыкка жарабайт. Ошондой эле жылкы да курмандыкка чалынбайт.

Уйдун катарына топоз, койдун катарына эчки кирет. Төөнүн жашы төрткө толуп бешке кетиш керек. Уй эки жаштан ашыш керек. Ал эми койдун козусу жана эчкинин улагы алты айдан ашкан чоң болушу зарыл.

Яндекс.Метрика