Жаңылыктар

Курманбек Бакиев Баткен элине 4 миллион сом жардам берди

Качкын президент Курманбек Бакиев Баткенде Тажик-Кыргыз жаңжалынан жабыр тарткандарга акчалай жардам берип жатат. Бул тууралуу Шамурза Борукулов аттуу интернет колдонуучусу жазып чыкты.

«Курманбек Салиевич Бакиев кече 13 май, рамазан айынын улуу айт күнү Баткендеги каргашалуу окуяда жабыр тарткан, үйү күйүп кеткен жарандарга, каза болгон үй бүлөлөргө, Мадина кызыбыздын ата энесине, жарадар болгондорго салам дубасын түз жеткирип, ар бир үй бүлөгө, жардам колун сунду.

Аза кайгыларын тең бөлүшүп, 89 үй бүлөгө 4 миллион 440 миң сом накталай акча каражатын Кудайдын ыраазычылыгы үчүн түз жеткиртип, жабыркагандардын өз колдоруна тапшыртып берди.

Урматтуу Курманбек Салиевич! Өзүңүз сыртта болсоңуз да, көзүңүз Кыргызстанда болуп, карапайым элдиңиздин кайгысын тең бөлүшүп, жараткандын улуу айт майрамы күнү ар бир үй бүлөгө жылуулук маанай тартууладыңыз. Рахмат сизге жалпы кыргыз элинин атынан.

«Маалым болгондой, Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн «Балким, акча жергиликтүү тургундарга бөлүштүрүлүп берилгендир, биз мындай сумманы алган жокпуз.» деп билдиришти.

2005-жылы 10-июлда Курманбек Бакиев жалпы элдик добуш берүү менен президент болуп шайланган. 2009-жылы 23-июлда ал кайрадан президенттикке шайланган.

Жалпы элдик добуш берүү учурунда 76,4% добушка ээ болгон. 2010-жылы апрелде мамлекеттик төңкөрүш болуп, Курманбек Бакиевдин кызматтан кетиши менен аяктаган. Ал алгач Казакстанга, андан кийин Беларуссияга кеткен.

Яндекс.Метрика