Жаңылыктар

Курсан Асанов бошотулду

Бүгүн, 4-ноябрда Курсан Асанов үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди.

29-октябрда Бишкек шаардык сотунда «массалык баш аламандыкты уюштуруу» беренеси алкагында кармалган Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралды. Ага ылайык, Асановго карата биринчи инстанциядан чыгарылган чечим күчүндө калтырылган.

12-октябрда Биринчи Май райондук соту Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, аны 10-декабрга чейин камакта калтырган.

Буга чейин сот алдында анын тарапташтары бир нече жолу митинг өткөрүшкөн. Бир канча саясатчылар анын күнөөсү жок экенин айтып бошотулушун талап кылышкан.

Яндекс.Метрика