Жаңылыктар

Куудул Борончу Кудайбергенов чоң кызматка дайындалды

Куудул Борончу Кудайбергенов өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнө кеңешчи болуп дайындалды. Маалыматты аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан тастыкташты.

«Борончу Кудайбергенов өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси болуп дайындалган. Ал жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштешет», — деди маалымат кытчы.

Буга чейин Пригородное айылында 30-35тей аял насыялары жоюлсун деген талап менен айыл өкмөттүн администрациясына чогулган. Нааразычылык акциясын уюштурган аялдарга жолугушууга келген өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жанында куудул Борончу Кудайбергеновдун жүргөнү социалдык тармактарда суроолорду жараткан.

Мындан улам облустук өкүлчүлүккө байланышканыбызда Кудайбергенов ушул кызматка дайындалганы белгилүү болду. Интернет колдонуучулары бул люстрациянын башталышы экенин айтып шакабага айландырып жатышкан чагы.

Яндекс.Метрика