Жаңылыктар

Куудул Рахман Разыков каза болду

Куудул, сатирик Рахман Разыков каза болду. Бул тууралуу маалыматты кесиптеши Борончу Кудайбергенов тастыктады.

Анын айтымында, куудул бүгүн эртең менен Ош шаарында ооруканадан каза болгон. Маркумдун сөөгү бүгүн түштөн кийин жерге берилет.

Өмүр баяны:

Куудул, сатирик Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу райо­нунун Таширов колхозунда азыркы Савай айылында төрөлгөн.

Кичинекей кезинде 3 мектеп которгон. 10-классына чейин аккордеондо ойноону үйрөнгөн. Студент кезинде бул өнөрү менен жетекчиликке чейин көтөрүлүп, «Таң жылдызы» деген топту негиздеген. Кийин “Бешилик”, “Беш кемпир» топторун түзгөн.

1987-жылы Рахман Разыков жубайы Диля менен баш кошуп, Чолпон деген кыздуу жана Дастан деген уулдуу болушкан. Куудулдун мурдагы никесинен 3 баласы бар.

Яндекс.Метрика