Жаңылыктар

Кыргыз паспортуна улут тууралуу графа киргизилет

Премьер-министр Садыр Жапаров да 15-октябрдагы басма сөз жыйынында ID картага улут графасы кайра киргизилерин билдирген.

Кыргызстандын ID паспортуна улутуна тиешелүү графа кошулат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Бул өзгөртүү Жогорку соттун Конституциялык палатасынын 2017-жылдагы паспорттун үлгүсүнө өзгөртүү киргизүү боюнча чечимине ылайык ишке ашууда. Конституциялык палатага «Улутуңду унутпа!» кыймылы бул боюнча арыз менен бир нече жыл мурун кайрылган. Конституциялык палата быйыл паспорттогу «улуту» графасынын алынып салынышы Конституциянын 38-беренесине каршы келип, жарандын улутун аныктоо эркиндигин чектейт деп бүтүм чыгарган.

Мындан ары кыргызстандыктар өз каалоосу менен улуту тууралуу маалыматты паспортко коштура алышат.

Паспорттогу улут тууралуу графа 2017-жылы алынып салынган.

Яндекс.Метрика