Дүйнөдө

Кыргыз режиссеру Орусияда Шерлок тасмасын тартты

Артур Конан Дойлдын легендарлуу «Шерлок» чыгармасы дагы бир жолу экрандаштырылды. Аны белгилүү кыргыз режиссеру Нурбек Эген тартты.

«Шерлок в России» деп аталган 8 бөлүктөн турган мини-сериал бүгүн 22-октябрдан тарта көрсөтүлө баштайт. Тасма «START» видеокызматында көрсөтүлөт. Сюжет боюнча окуя Орус империялыгында өтөт. Анда Шерлок көп адамды өлтүрүп кармалбай жүргөн маньяктын артынан түшөт.

Нурбек Эген «Ээнсирген үй», «Аталар керээзи», «Молот» тасмалары менен белгилүү болгон. Учурда Орусияда кино жаатында эмгектенет.

Яндекс.Метрика