Жаңылыктар

Кыргыз-тажик чек арасында атышуу болду. Каза болгондор бар

Кыргыз-Тажик чек арасында ок атышуу болгонун тажик басылмалары жазып чыгышты. Жазылган маалыматка караганда, атышуу Кыргыз-Тажик чек арасынын Согди облусунун Деваштич районундагы бөлүгүндө болгон деп жазылат.

«Алар аскердик жана жарандык кийимчен колдорунда автомат бар. Чек арачылар Деваштич районунун тургундарына таандык 9 жылкыны Кыргыз өлкөсүнө айдап кетүүгө аракет кылышкан. Ага биз тарап эскертүү бергенде Кыргыз чек арачылары автоматтан ок чыгарышкан. Ага биз тарап жооп кылып, ок атканда эки адам жаракат алган», — деп жазат Тажикстандын «Ховар» мамлекеттик агенттиги.

Бул боюнча УКМКнын Чек ара кызматына байланышканыбызда бир канча убакыттан кийин маалымат берилерин, маалыматты тактап жатышканын билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы атышууда баштапкы маалыматтар боюнча эки тараптан тең жоготуулар бар экени кабарланууда. Бул маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев «Азаттыкка» ырастады.

Анын айтуусунда, атышуунун себептери жана киши өлүмү боюнча маалымат такталып жатат: «Лейлек районунун Көк-Жайлоо тилкесинде Кыргызстандын чек арачылары нөөмөттө жүрүп, тажикстандык чек арачыларга бет келген учурда ортодо уруш чыккан. Натыйжада эки тараптан тең ок атылган.

Мен бул окуя боюнча Согд облусунун губернатору Ражапбай Ахматзода менен сүйлөштүк. Азыр Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын башчычы Кыялбек Төлөнбаев жетектеген топ окуя болгон жерге жөнөп кетти. Чатактын себебин чогуу иликтешет».

Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Чек ара кызматынын окуяга Кыргызстандын чек арачылары жылкы уурдап өтүүгө аракеттенген деген маалыматына ишенбесин кошумчалады. Анын айтуусунда, маалыматтар эки тараптуу иликтөөлөрдө такталат.

Яндекс.Метрика