Кыргыз врачы дүйнөлүк рекорд жаратты

Кыргызстандагы белгилүү хирург Мамбет Мамакеев дүйнөлүк рекорддор китебине киргизилди! Бул тууралуу рекорддор китебинин официалдуу сайтына жазышты. Ал хирург катары тарыхтагы эң узак иштеген адам болуп эсептелинди. Мөөнөтү 67 жыл 181 күнгө созулган! Бул 2020-жылдын 29-февралында Бишкекте такталган.
Тарыхта буга чейин бир дагы адам мынча узак убакыт хирург болуп иштеген эмес! Мамакеев азыркы учурда дагы эмгектенип келет.
Кыскача өмүр баяны
Мамакеев Мамбет Мамакеевич 1927-жылдын 1-октябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1946-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтка окууга өткөн. 1951-жылдан азыркыга чейин хирург катары иштеп келет.
Кызыктуу фактылар
15 миңден ашуун операция жасаган
2 жолу Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган
2 уулу тең медицина тармагында иштешет, бири медицина илимдеринин доктору, экинчиси медицина илимдеринин кандидаты.
2004-жылы Кыргыз Республикасынын баатыры аталган
3-жана 1-даражадагы Манас ордени менен сыйланган.