Видео Жаңылыктар

«Кыргызча билбесең анда эмне жүрөсүң». Көчөдө пранк тарткан жигитти милиция кармап кетти

Социалдык тармактарда өтүп бара жаткандардан кыргызча билесизби деп сурап жаткан жигиттин видеосу тарап жатат. Терс жооп болсо, видеонун каарманы орой түрдө: “Анда Кыргызстанда эмне кылып жүрөсүң?” деп суроо салат.

Кечээ, 24-ноябрда Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы видеого түшүп калган жигитти укук коргоо кызматкерлери андан аркы чара көрүү үчүн милицияга алып кетишкенин билдирди. Аны патрулчулар аныкташкан.

Тартип бузган 2002-жылы туулган К.А. Ошондой эле видеодогу көрүнүш 2021-жылдын 15-ноябрында тартылганы белгилүү болду.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси «Майда бейбаштык») боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголду.

Видеодогу 19 жаштагы жигит блогер экенин айтып, пранк (тамаша) деп аталган нерсени видеого тартууга аракет кылган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Видео:

Яндекс.Метрика